• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкор районунда шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө даярдык иштери өз нугунда жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Кочкор районунда шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө даярдык иштери өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шайлоо участкаларынын даярдыктары боюнча атайын комиссия түзүлүп, бөлүнгөн топтор участкаларды кыдырууда. Маселелер жеринде каралып, чечилип жатат.

“Кочкор району боюнча 37 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата 42 миң 628ди түзөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бардык шайлоо участкаларына берилүүчү автоматтык эсептегич урналары даяр. Компьютер жана техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Ошондой эле райондун ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн көмөктөшүүчү жабдуулар (пандустар, таянгычтар ж.б.) камсыз болууда.

4-октябрга чейин бардык участкаларды пандустар жана коңгуроо менен камсыздоо аракети жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий