• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-майда Жалал-Абад шаарындагы "Ариет" балдар чыгармачылык борборунда жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө жаш жеткинчектер тарткан сүрөттөр жана колдо жасалган буюмдар коюлду.

Иш-чара пионерлер күнүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган. Ага шаардык кеңештин депутаты Уулкан Кожоева, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Апел Адылбекова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий