• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди

Аймак 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы өттү, -деп билдирет шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, сессиянын ишине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессияда калаа башчысы Жалал-Абад шаарынын 2022-жылга бюджетинин долбоорун тааныштырып, аны депутаттар бир добуштан колдоп берди.

Жалал-Абад шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин планы 564 млн.407миң сом деп бекитилди. Бул 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 36 млн сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий