• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын мэри парламенттик шайлоодо добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев добуш берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, калаа башчы №2105 шайлоо участкасында жарандык милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты.

Мэр шаардыктарды шайлоонун таза, ачык-айкын өтүшүнө салым кошууга чакырып, ар бир добуш өлкө тагдыры үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

"Шаар бийлиги тарабынан шайлоо участкаларында тийиштүү шарттар түзүлгөн. Калктын саламаттыгын коргоо үчүн санитардык эрежелер тыкыр көзөмөлдө. Жарандарды да бир жарым метр аралыкты кармап, тартипти сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий