• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын Осмонов көчөсүн реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Осмонов көчөсүн реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн эки тарабына темир-бетон арык куурларын жаткыруу, тротуар куруу, асфальт төшөөгө даярдоо сыяктуу жумуштар жасалууда.

Осмонов көчөсүнүн узундугу 2,5 чакырымды, кеңдиги 14 метрди түзөт.

Белгиленгендей, жолдун курулушу Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий