• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында көп балалуу энелерге "Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Күн мурун, 15-февралда Жалал-Абад шаарында көп балалуу энелерге "Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы тапшырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков көп балалуу 9 энеге “Баатыр эне” орденин жана 3 энеге “Эне даңкы” медалын тапшырды. Алардын эң улуусу 59 жашта болсо, эң жашы 39 жашта.

Шаар мэри энелерди сыйлыктары менен куттуктап, балдарды татыктуу тарбиялап-өстүрүүдө жана үй-бүлө институтун бекемдөөдө энелердин орду зор экендигин белгилеп, ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 269 "Баатыр эне", 50 "Эне даңкы" орденинин ээси бар.

Пикир

Оставить комментарий