• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Түркия ЖОЖдорунун билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкекте "SILK ROAD" аталышта Түркиянын университеттеринин көргөзмөсү өтүп, кыргызстандык абитуриенттерге уникалдуу билим берүү программаларын тартуулады. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Иш-чараны Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ачып, абитуриенттер эми Түркиянын алдыңкы ЖОЖдорун жеринде эле сынактан тапшырып тандап алса болот, бул убакытты да, каражатты да үнөмдөп жатканын баса белгиледи.

Көргөзмө бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине окуу багыттары, кабыл алуу жана жатакана шарттары менен таанышууга, ошондой эле университеттин өкүлдөрүнө суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Түркиянын жыйырмага жакын алдыңкы университеттери катышып, медицина, менеджмент, эл аралык мамилелер жана айти- технология сыяктуу түрдүү адистиктерди сунушташты. Мындай иш-чараларды мезгил-мезгили менен өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий