• 79.5
  • 84.64
  • 1.3

Жалал-Абад. Туристтерди таң калтырган кереметтүү жерлер

Коом 0

Жагымдуу салтка айланган “Кеттик” рубрикабызда бул жолу жашылча, мөмө - жемишке жана меймандос элге бай, Кыргызстандын түштүк жагында жайгашкан облустарынын бири Жалал-Абад облусуна саякатка чакырабыз. Жалал-Абад жергеси баардык келген туристтерге жана жергиликтүү конокторго саякаттоодо кайталангыз сезимдерди тартуулайт.

Жалал-Абад облусу Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан. Облустун аймагынын басымдуу бөлүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто бийик жана жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр жана тоо аралык өрөөндөр болуп саналат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери 4503 метрди (Чаткал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 метрди (Базар коргон району) түзөт.

Облустун аймагы айрыкча Фергана тоо тизмегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы жана алардын суусунун молдуулугу менен айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чаткал, Кара-Дарыя. Нарын дарыясы Фергана тоо тизмегинин тармактарын жана Чаак-Тоону кесип агат.

Бул түштүк дубан туристтерге Арсланбоб жаңгак токою, Сары-Челек көлү, Токтогул суу сактагычы, Кызыл-Үңкүр, Көк-Арт аттуу белгилүү жаратылыш зоналары менен кеңири тааныш. Андан тышкары облустагы Сафед-Булан, шах-Фазиль аттуу эстеликтер жана ошондой эле жер астынан агып чыккан минералдык суулар туристердин арасында өзгөчө белгилүү. Кээ бир уламыштар боюнча, минералдык суусу бар Чашма-Аюб булагына Аюб аттуу пайгамбар өзү келген булак деп айтылат. Көп булактар биздин заманга чейин 2-кылымдарда эле белгилүү болуп, ыйык деп саналат.

Арсланбаб

Арсланбаб токою –Кыргызстандын эң кооз жана дүйнө жүзүндөгү эң ири жаңгак токою. Токой Чаткал жана Фергана тоо кыркаларында деңиз деңгээлинен 1700 чакырым бийиктикте жайгашкан. Арсланбабдын аянты 700 миң гектарды түзүп, окумуштуулардын айтуусу боюнча жашы 50 миллион жылды түзүшү мүмкүн.

Арсланбаб тууралуу элде көп легендалар айтылып келет. Алардын ичинен эң белгилүүсү - илгери Александр Македонский өзүнүн Чыгышка болгон сапарларынын биринде аскерлерин ушул жерге алып келген. Кетип жатып, бул кереметтүү токойдон жаңгак жана башка мөмө жемиштерин Грецияга ала кеткен. Ошол себептен кыргыз жаңгагы “грек жаңгагы” аталып калган, деп айтылат.

Өрөөндө жаңгак, мисте, бадам жана башка мөмө-жемиштер өсөт. Бул жерден жылына 1500 тоннага жакын жаңгак жана 5000 тоннага жакын башка мөмө-жемиштердин үрөөнү чогултулат. Адамдар табияттын ушул берген белегине ыраазы болуп, токойду сактап калуу максатында баардык күч-аракетин жумшап келет. Арсланбаб мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак.

Арсланбабка Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда жайгашкан Абдраимов айылы аркылуу барууга болот. Ал үчүн ошол айылдан түндүктү көздөй багыт алуу керек. Жол кире болжол менен 1000-2000 сом болот. Ал жакта меймандар үчүн атайын алачыктар жана бөлмөлөр берилет. Баасы 500-700 сомдон ашпайт ($7-10).

Шах-Фазиль күмбөзү

Эгер сиздер Жалал-Абад облусунда кайсыл жака барууну, эмнени көрүүнү билбей турсаңыздар, анда дароо ушул сыйкырдуу жерге барыңыздар. Шах-Фазиль күмбөзү архитектөралык күмбөз. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сафедбулан айылына жакын жайгашкан. Ислам дининин айрым өкүлдөрү бул жерди экинчи Мекке деп аташкан. Шах-Фазилдин тарыхы 11-12-кылымдарга барып такалат. Эң кызыгы, Сафедбулан айылынын тарыхы да күмбөз менен байланыштуу.

Алгач ичи кооз таштардан кыналган,12-кылымдарда ганч (алебастр катырмасындагы материал) менен оймо- чиймеленип кооздолгон, башкы фасадынын 2 жеринен оюк оюлган. Дубал жактарынын узундугу 11м, бийиктиги 15,37м. Дубалы төмөндөн жогору карай жантайыңкы курулуп, үстүнө 6 кырдуу бурчтары тепкич сымал кошумча дубалдар менен кооздолуп, конус сымал кумпа менен жабылган.

Ичинде элегиялык жана диний маанидеги куфи жазуулары, геометриялык татаал фигуралар оюп түшүрүлгөн. Диний тексттер араб тилинде, элегиялык тексттер фарс тилинде жазылган. Ушул жагынан Шах Фазил күмбөзү башка архитектуралык эстеликтерден өзгөчөлөнүп турат. Күмбөзгө Караханилер мамлекетинин башкаруучуларынын биринин сөөгү коюлган. Эстелик архитектура жана көркөмдөлүшү жагынан – орто кылымдагы жетишкендиктин жогорку чеги деп саналат. Эстелик ЮНЕСКОнун каттоосуна алынган.

Күмбөздүн тарыхында Мухаммед пайгамбардын небереси Шах-Жарир 12 миң аскери менен Фергана өрөөнүнүн элине исламды жайылтуу үчүн келет. Жеринин кооздугуна карап Алабуканы жердеп калышат. Ислам дини тууралуу түшүнүгү жок, өздөрүнчө топ-топ болуп ар башка динге баш ийген карапайым калк алгач Шах-Жарирдин үгүтүнө моюн суна беришпейт. Шах-Жарир жергиликтүү Буайда аттуу кызга үйлөнөт. Ортодон бир нече мезгил өткөндөн кийин жума күнү намаз убагында аларга кол салуу болот. Баардык мечиттегилерди кылыч менен башын кыйып жатканда, Алланын кудурети менен дубалда оюк пайда болот да, Жарир ал жер аркылуу өтүп, өзүн жана жакын адамдарын куткарып калууга жетишет. Ошентип, Жарир кош бойлуу жубайы Буайда жана башка арабдар менен мекенине кайтат.

Өз мекенинде Жарирди уулантып өлтүрүшөт. Буайда эркек балалуу болуп, атын Фазил коёт. Фазил 40 жашка чыккыча атасынын тагдыры тууралуу эч нерсе билбей чоңоёт. Апасы болгондордун баарын айтып бергенде, Фазил аскер чогултуп Ферганага келет да, акыры анда ислам дининин бийлигин орнотот. Фазил 16 жыл бийлик жүргүзөт. Эркек балалуу болуп, ал 16га чыкканда, жергиликтүү аймактын башкаруучусу Фазилди конокко чакырып, уулантып өлтүрөт. Ошондо Фазилге ошол күмбөз тургузулат.

Шах-Фазиль Жалал-Абаддын Гулистан аттуу айылында жайгашкан. Бул аймак кыргыз-өзбек чек-арасынан 5 чакырым аралыкта жайгашкан.

Токтогул суу сактагычы

Жалал-Абаддын түндүгүндө жайгашкан Токтогул суу сактагычы Борбор Азиядагы эң ири суу сактагычтардын бири. Бул көл Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда жайгашкан. Мелтиреп жаткан көгүлтүр көл кызыл топурактуу адырлар менен биргеликте кайталангыз бир ажайып кооздукту түзөт. Бул керемет көп адамдарды кызыктырып, жайында көлгө эс алганы келгендердин саны арбын. Суунун температурасы жай мезгилинде 28 градуска чейин жылыйт.

Суу сактагычтын орточо тереңдиги 200 метрди түзөт. Көлдү Кыргызстандын эң ири дарыясы Нарын суусу толтурат. Көлдүн жээгинде мамлекетти электр энергиясы менен камсыз кылган эки ири Токтогул жана Курпсай гидроэлектростанциялары жайгашкан.

Токтогул суу сактагычы Бишкек-Ош жолунун боюнда жайгашкандыктан ал жакка Бишкек автобекеттеринен коомдук транспорт көп каттайт. Кичи-автобус жана такси аркылуу жетип алууга болот. Ошондой эле жеке унаа менен да барууга болот.

Чычкан капчыгайы

Чычкан капчыгайы Ала-Бел ашусуунан өткөндө Бишкек-Ош жолунда, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан. Капчыгайдын аталышы ал жерде талаа чычкандары көп болгондугуна байланыштуу. Капчыгайды курчаган тоолорду Тянь-Шань карагайлары, арча, барбарис, бүлдүркөн, түркүн түстүү гүлдөр каптап турат. Ал эми капчыгайды бойлой Чычкан суусу керилип агат.

Бишкектен Ошту көздөй багыт алган ар бир адам бул капчыгайдан өтөт. Бул жер өзүнүн өзгөчө азыктары менен белгилүү. Ар бир адам өтүп баратып, Чычкандан эң даамдуу форель балыгынан ооз тийип кетүү үчүн токтойт. Коноктордун эс алуусу үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Кафе-ресторандар өз кызматтарын сунуштайт. Акыркы учурда турфирмалар бул капчыгайды Кыргызстандын эң кооз жерлердин тизмесине кошуп, сөзсүз барууну сунушташат. Эгер сиздер кайсыл жерге эс алганы барууну билбей турсаңыздар, сумкаңарды чогултуп, бул жакка саякатка жол тартыңыз.

Чычкан капчыгайы Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан. Ошол себептен ал жакка баруу эч кыйынчылык түзбөйт. Бишкектин батыш автобекетинен ошол жака багытталган таксилерге отуруп, жетип алса болот.

Сары-Челек

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргызстандын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругунда жайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км түзөт. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан.

Жай мезгилинде суунун температурасы + 19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот.

Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге чейин жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Эгер сиз Сары-Челекти көрө элек болсоңуз, дароо саякатка чыгыңыз. Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токойуна курчалган. Бул жерде өзүңүздү Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле сезесиз. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.

Көлдүн “Сары-Челек” деген аты тууралуу соонун уламыш айтылып келет. Илгери көлдүн жээгинде балчы жашаптыр. Күз мезгилинде ал балды челеке куюп жатып, жалтыраган балды көлгө, ал эми көлдү курчаган тоолорду ошол балдын челегине окшоштурган. Ошондон кийин көл Сары-Челек деп аталып калган дешет.

Сары-Челекке Ош-Бишкек жолун бойлой барып Таш-Көмүр районунан түндүк-батышты көздөй бет алуу керек. Бул жол менен Афлатун айылына чейин барып, ал жактан түндүктү көздөй кайрылуу керек. Бул жерде жол таштак болгондуктан, ал жакка жолтандабас менен баруу эң жакшы чечим.

Даярдаган Салтанат Абдраева

Сүрөттөр интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий