• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 70тен ашуун турак жай борборлоштурулган канализацияга туташтырылууда

Аймак 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Тешебаев жана Москва көчөлөрү жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр жана жашоочулардын аракети менен борборлоштурулган канализацияга туташтырылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Ал аягына чыкса, шаардагы 70тен ашуун турак-жайдын канализацияга болгон муктаждыгы чечилет. Аталган көчөнүн жашоочулары бул үчүн шаар мэри Эрнисбек Ормоковго, шаардык кеңештин депутаты Максат Жусупбековго ырзаазычылык билдиршүүдө.

Борборлоштурулган канализацияга туташтырлып жаткан Тешебаев көчөсүнө миллион сомго чукул каражат сарталууда. Анын 500миң сому жергиликтүү казынадан болсо , калган каражатты демөөрчүлөр менен жашоочулар жыйнаган.

Ал эми Москав көчөсүнө демөөрчүлөр менен жергиликтүүлөрдүн 800миң сомдой каражатына саркынды суулар кетүүчү түтүктөр жаткырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий