• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда бийиктиги 28 метр балаты орнотулду. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кечээ, 16-декабрь күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 28 метр болгон балатынын оту жандырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Жаңы жылдык аянтчанын салтанаттуу ачылышына калаа башчысы Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев, аксакалдар, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Балаты кыргыздын улуттук оймо чиймелери менен кооздолгон. Саамалык концерттик программа жана жаштардын катышуусундагы ыр-бийлер менен коштолду.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги 2020-жылга карата белгиленүүчү жаңы жылдык жалпы иш-чараларга 1 миллион 50 миң сом акча каражатын бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий