• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда коронавирус жуктурган 6 бейтап дарыланууда - Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктурган 6 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында 162 жаран коронавирус жуктурган.

“Анын 156 адам айыкты. Ал эми 6 адам дарыланууда. Алар Аксы районунда бир, Ноокенде бир, Токтогулда 3 жана Сузакта бир адам. Бейтаптардын баары Россиядан келген. Илдетти байланышта болуп жуктурган жарандардын баары айыкты. Алсак, Ала-Бука, Кара-Көл, Жалал-Абад, Майлы-Суу, Тогуз-Торо райондорунда жарандар илдеттен толук айыкты. Коронавирус көп катталган Чаткалда да илдет жуктурган жарандар толук айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1845 учур катталды. Алардын ичинен 364ү медицина кызматкери. Илдеттен 1219 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 17 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий