• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда КР бокс боюнча чемпионатында биринчиликти багындырган спортчулар сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын бокс боюнча чемпионатында биринчиликти багындырган спортчулар сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бокс боюнча чемпионатында Жалал-Абад шаарынан барган Нурадин Рустамбек уулу 71кг салмакта, Ислам Далибаев 75кг саламакта, жана Баяман Илязов 92кг дан жогорку салмакта биринчиликти багындырды.

Ийгилик жараткан спортчулар менен Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана шаардык кеңештин депутаты Келдибек Орозбаев жолугуп, аларды жеңиши менен куттуктап, жеке каражатынан акчалай белектерин тапшырышты. Орозбаев өз сөзүндө Жалал-Абад шаарында тарбияланган жаш спортчулардын өлкөдө өткөн жана дүйнөлүк мелдештерде ийгилик жаратып жатканы сыймык экенин баса белгилеп, эл өкүлдөрү жергиликтүү бийлик менен биргеликте спортчуларды ар дайым колдоп келерин кошумчалады.

Эске салсак, 19-24-сентябрь күндөрү борбор калаа Бишкекте өткөн Кыргызстандын бокс боюнча биринчилиги болуп өттү. Анда биринчиликти багындырган спортчулар Сербияда өтүүчү мелдешке жолдомого ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий