• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абадда миңден ашуун адам катышкан ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.04.21. /Кабар/. Бүгүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган 1000ден ашуун адам ишембиликке чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишмембиликке шаарда жайгашкан облустук мекеме-ишканалардын жамааттары активдүү катышып, курорт жолун жана мисте токоюн тазалап, таштандылардан арылтышты.

Облус башчысы айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, абаттоо иштерин колго алууну күчөтүү керектигин белгиледи. Курорт аймагына сырттан келген туристтердин да басымдуулугун айтып, анын тазалыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Мекеме жамааттары мындан ары бул коомдук иштерди жума сайын уюшкандыкта колго алып, бөлүнгөн жайларынын тазалыгына жооптуу болорун кошумчалады.

Өкүл жергиликтүү бийликке курорт жолуна таштанды урналарын, коопсуздукту сактоо максатында видео камераларды орнотуу тапшырмаларын берди.

Пикир

Оставить комментарий