• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда милиция сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Ноокен районунун, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаарынын милициясы тарабынан суу кырсыктарынын алдын алуу жумуштары жүрүүдө.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, суунун көлөмү көп аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулду. Сууга түшүүдө этият болуу керектиги эскертилип, жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Милиция кызматкерлери жайдын аптаптуу күндөрү жаш балдарды тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин ата-энелердин эсине салууда.

Пикир

Оставить комментарий