• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Адыбек Набиев Баткен районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Адыбек Набиев Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Набиевди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укукуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен районунун активине тааныштырды.

Адыбек Набиев - 1968-жылы Баткен районунун Говсувар айылында туулган. Кесиби боюнча юрист. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий