• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда муниципалдык жерлерди ижарага алуу жеңилдейт

Аймак 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муниципалдык жерлерди ижарага берүү санариптик тартипке өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын программа түзүлүп, анда мэриянын убактылуу ижарага берилүүчү жерлери маал-маалы менен жайгаштырылып турат. Жарандар каалаган учурда кирип ал тууралуу маалымат ала алышат. Жада калса жердин жайгашкан жерин да картадан көрө алышат.

Аукциондор ачык форматта өтүп, ага катышууну каалагандар компьютер аркылуу каттоодон өтөт. Бул коррупциялык элементтердин алдын алууга шарт түзөт.

Бул багытта Жалал-Абад шаардык мэриясы Интербилим коомдук бирикмеси менен бирге атайын долбоордун үстүндө иштөөдө. Кечээ муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери окутуудан өттү. Ага шаардын вице-мэри Нуртилек Орозбаев да катышты.

Пикир

Оставить комментарий