• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда жолдорду асфальттоо иштери кызуу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы шаар бюджетинин кабыл алына электигине карабастан шаардагы маанилүү делген алты борбордук көчөлөрү оңдолуп-түзөтүлүп, жаңыдан асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу шаар мэринин биринчи орун басары Турдалы Темирбаев билдирди.

Алынган маалыматка караганда, оңдолуп-түзөтүлүп жаткан көчөлөрдүн жалпы узундугу 10 чакырымдан ашат, ал эми аларга 65 миллион сомго жакын каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Азыркы учурда шаардагы Токтогул, Барпы сейил, Кыргыз Республикасы, Октябрь, Шерматов көчөлөрү асфальт төшөө иштери жүрүп да жатат.

“Быйыл шаар бюджети өз убагында бекитилбей, бир топ иштерибиз кечеңдеди. Жай айларында шаарга өлкөнүн премьер-министри келгенде шаардыктар көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлүп берүүнү суранышкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шаардыктардын өтүнүчүн орундатып, жалпы инфраструктуралык иштерге 85 миллион сом бөлгөн. Азыркы учурда 5 көчөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 1 көчөнү жаңыдан куруп жатабыз”, - дейт Т. Темирбаев.

Мэриянын маалыматында, алты көчө боюнча тендер жарыяланып, утуп чыккан жалданма курулуш уюмдары иштерди башташты. Азыркы тапта Барпы сейил жана Кыргыз Республикасы көчөлөрүндө асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Ал эми калган көчөлөрдө асфальт бастырууга карата даярдоо аракеттери аягына чыгууда. Курулуш көчөсүнө шагыл төгүү, жаюу, ныктап даярдоо иштери аягына чыгып калды.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Кыргыз Ресубликасынын Өкмөтүнүн көмөгү менен Тайгараев – Төшкутчу жолу бүткөрүлүп, эми эки айылдын эли өз ара катташуу үчүн 15 чакырым айланып жүрбөстөн, 3 чакырым гана аралыкты басып өтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий