• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Жалалабатэлектр” ишканасы жылды жетишкендиктер менен жыйынтыктады

Аймак 0

Бишкек, 27-январь /Кабар/. 25-январда Улуттук энергохолдинг башчысы Айтмамат Назаров Жалал-Абад шаарында иш-сапары менен болду. Бул тууралуу Энергохолдингдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында “Жалалабатэлектр” ишканасынын 2019-жылда аткарган жумуштарынын жыйынтыгы боюнча маалымат угулду. “Жалалабатэлектр” өткөн жылдын башында алдына койгон иш-мерчемдерин толугу менен аткарууга алды.

Айтмамат Назаровдун белгилөөсүндө, компания өткөн жылы энергетика тармагындагы негизги көрсөткүчтөрү толук аткарган. Калк электр энергиясына болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүп жатышкандыгын, дебитордук карыздарды өндүрүүдө компания алгылыктуу аракеттерди көрүп, 18 пайызга кыскарта алган. Кызматкерлердин жумуш алып баруусуна шарт жаратып берүүдө да “Жалалабатэлектр” 3 административдик имарат куруп, пайдаланууга бергенин баса белгиледи. Күз-кышка карата көрүлгөн даярдыктар жетиштүү деңгээлде, мурунку жылдарга салыштырмалуу авариялык өчүүлөрдүн саны кыскарган. Жетишкендиктер менен катар аткара турган арбын жумуштардын бар экенин айтып, үстүбүздөгү жылы ишке ашырылышы зарыл болгон маселелерди тизмектеди.

- Акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу жумуштарын жетиштүү деңгээлде алып баруу тапшырмасы коюлду. Келечекте ар бир абонент акылдуу электр эсептегичтер менен толук камсыз болушу керек.
- Калкты ыкчамдык түрдө маалымат менен камсыздоо үчүн “Бирдиктүү колл борборду” түзүү үстүбүздөгү жылы ишке ашырылышы керек.
- 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында айыл-аймактарды санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

- Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо быйылкы жылы иш-жүзүнө ашыруу зарылдыгы айтылды.
- Социалдык маселелер да четте калган жок, кызматкерлердин иш алып баруусуна шарт жаратуу, колдоо маселеси бул адистердин ишке болгон жоопкерчилигин жогорулатаарын айтты.
- Кызматкерлер арасында тажрыйба алмашуу, кесиптик-профессионалдык деңгээлин жогорулатуу, атайын окуу-семинарларды уюштуруу зарылдыгы айтылды.

Эки саатка созулган жыйында орчундуу маселелер менен 2020-жылы аткарыла турган иш-мерчемдер талкууга алынып, жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий