• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жамалдинов Кара-Суу районунунун дыйкандары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кезектеги иш сапары менен Кара-Суу районуна барды. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын алкагында облус башчысы дыйкандар менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.

Жамалдинов Савай айыл аймагындагы «Таширов» атындагы үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинен кабар алды. Аталган үрөн чарба кылкандуу дан жана пахта үрөнүн өндүрөт. Учурда кооперативдин мүчөлөрүнүн саны 20 адамды түзөт. Бектилген жер аянты 120 га, анын ичинен 100 га кайрак, 20 га суулу жер. Кооперативдин 0,54 га жер аянтында дан кургатуучу жер аянты жана 600 чарчы метр жабык кампасы бар.

Мындан сырткары, Зиядин Жамалдинов реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан Ош-Ташкент жолу менен таанышып, курулуш иштеринде айрым кемчиликтер бар экенин айтты.

“Бул жол биздин Өзбекстандан келген коноктор жана туристтер өлкөбүзгө киргенде эле көрүнүүчү босогобуз болот. Коноктор Кыргызстанга киргенде өлкөбүз тууралуу жакшы ойлору жаралышы керек. Курулушчулар сапатына көңүл бургула, жолдун четине орноткон тосмолорду карагылачы. Баары кыйшык жана сапатсыз коюлган. Тиешелүү кызматтар курулуш иштерин көзөмөлдөп туруңуздар, асфальттоо иштерин да көзөмөл кылгыла”,- деди өкүл.

Пикир

Оставить комментарий