• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 12 миң 277 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 277 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 716 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 561 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 756 миң 438 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 555 миң 31 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий