• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда мектептердин жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова тийиштүү тармактын жетекчилери менен биргеликте шаардагы мектеп жана бала бакчалардагы жылуулук берүүнүн сапатын, кышка күйүүчү отундарды камсыздоонун абалын текшерип чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда мектептерди жылуулук менен камсыздоодо кемчиликтери аныкталган айрым мектеп жетекчилерине эскертүүлөр берилип, тез арада жоюу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп жана 23 бала бакча бар. Бүгүнкү күндө аларга толугу менен жылуулук берилип жатат. Калаадагы мектеп жана бала бакчаларга 1193,6 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө билим уялары толугу менен көмүр менен камсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий