• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде энергетика тармагындагы каржылык көз боёмочулуктун бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети энергетика тармагындагы каржылык көз боёмочулуктун бетин ачты. Бул тууралуу атайн кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан коррупцияга каршы иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен районунун электр тармактар ишканасынын электр энергиясын керектөөгө жана төлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу каржылык алдамчылык фактылары аныкталды.

Такталгандай, Баткен облусунда электр энергиясын керектөө үчүн узак убакыт бери төлөмсүз, бир катар коммерциялык жана коммерциялык эмес абоненттер бар экенидиги аныкталды. Алардын айрымдары Баткен Райондук электр тармактарынын кызматкерлеринин патронажынан пайдаланып, акча төлөөдөн бошотулуп, жарыкты өчүрүүдөн качышкан. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, акыркы бир нече жылда жылына 10 млн сомго чейин карыздар түзүлүп келген.

Карыздарды жабуу максатында Баткен РЭТ кызматкерлери Баткен шаарынын жана Баткен районунун билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен келишим түзүшкөн, ошондой эле электр энергиясын формалдуу түрдө кошумча керектөө үчүн башка мамлекеттик органдардан мыйзамсыз төлөм алынган.

Натыйжада бул мамлекеттик мекемелер мыйзамсыз чегерүүлөрдү мамлекеттик бюджеттен накталай төлөшкөн.

Учурда бул иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий