• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаманкулов Өзгөн районундагы тарыхый-маданий баалуулуктар менен таанышты

Маданият 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Ош облусунун Өзгөн районундагы “Шоро-Башат” археологиялык эстелиги, “Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси жана Имам Сарахси комплекси менен таанышты. Анда аталган комплекстердин иш аракеттери жана чечилбей келе жаткан маселелер талкууланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Шоро-Башат” архелогиялык эстелиги:

“Шоро-Башат” археологиялык эстелиги “Жазы” дарыясынын оң ылдый жээгинде, азыркы Өзгөн шаарынан 8 км түндүк-батышта жайгашкан. Жалпы аянты 70 гектардан ашуун. Калктуу конуш батыштан, түндүктөн жана жарым-жартылай чыгыштан узундугу 3 кмге чейин, бийиктиги 6 мге жеткен жана көптөгөн дөңсөөлөр менен курчалган. Калктуу конуштун ар бир бөлүгүнүн жайгашкан жери татаал рельефке ээ жана ойдуңдар жана көңдөйчөлөр менен бөлүнгөн өзүнчө жерлерден турат. 1954-1957-жылдары, конуштун чыгыш бөлүгүндө изилдөө жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн натыйжасында Шоро-Башат конушунун тарыхынын төрт мезгилине таандык боёлгон жана сырдалган керамика, үй буюмдары ар кандай мезгилдеги көптөгөн керамика катталган. Конуштун хронологиялык алкагы биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын экинчи жарымын жана биздин замандын 1-миң жылдыктарын камтыйт.

Өзгөн архитектуралык комплекси:

Өзгөн архитектуралык комплекси бир мунара үч мавзолейден турат. Өзгөн шаарында, Кара-Дарыянын жайылмасынан бийигирээк тектирчеден орун алган. Архитектуралык комплекс хронологиялык жактан анча алыс эмес аралыкта курулуп (XI-XII), Карахандар доорунун архитектуралык өнүгүүсүн көрсөтүп турат. Түндүк мавзолей 1152-жылы курулса, түштүк мавзолей 1187-жылы курулган.

Эң эле алгачкы курулган мавзолей бул ортоңкусу болуп саналат. Мавзолей планы боюнча квадраттык формагы ээ. Ал эми мавзолейдин куполу жана дубалдары чопо менен шыбалып, өтө кооз орнаменттер менен кооздолгон. Орноменттер чырмоок жана геометриялык фигуралардан турат. Өзгөн мавзолейинен 50 метр алыстыкта мунара жайгашкан. Мунара башынан аягына чейин бышкан кирпич менен тургузулган. Кирпичтер бири-бирине чопо ылай менен ашталган.

Имам Сарахси комплекси

Имам Сарахси атындагы комплекси Борбордук Азияда Ханафи мазхабынын түптөлүшүндө эбегейсиз роль ойногон, XI кылымда жашаган белгилүү Ханафи факихинин аты менен аталган.

Маалымат катары билдирсек, Өзгөн районундагы Өзгөн архитектуралык комплекси жана “Шоро-Башат” архелогиялык эстелиги ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизиле турган талапкер объектер болуп саналат. Учурда "Улуу Жибек жолу: Фергана-Сырдарья коридору" транс улуттук сериялык номинациянын алкагында ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү боюнча иштер башталды.

Эске салсак, маданият министринин аймактарга болгон иш сапары Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарында болуп, тарыхый-маданий мурастарын жеринен кыдырып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий