• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жан керек! Австралиялык гид бутун сындырып алып, 2 күн жөрмөлөгөн

Дүйнө 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Австралиялык гид 6 метрлик шаркыратмадан кулап түшүп, бутун жана билегин сындырып алганына карабай жанын сактап калуу үчүн эки күн жөрмөлөгөн. Бул тууралуу ABC телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматта айтылгандай, сейилдөө боюнча гит болуп иштеген 54 жаштагы Нил Паркер жекшемби күнү Нево тоосуна чыккан. Шаркыратмага жеткенде аскадан тайып, жарга кулап түшкөн. Ал жерден чыгып жатып, чөнтөк телефонун түшүрүп алган. Паркер өзүнүн жанын сактап калыш үчүн бирөөнү күтпөй, өз ара аракеттениш керектигин түшүнгөн.

ABC телеканалын билдирүүсүндө, Паркер жаракат алган бутуна таякты байлап алып жөрмөлөй баштаган.

"Мен дароо кыйын абалга кептелип калганымды ойлондум. Анткени, менин кайсы жерде экенимди эч ким билбейт болчу", - дейт австралиялык гид.

Паркердин бутунун жаракаты оор болгондугуна байланыштуу ал бутун сүйрөгөндөн башка жол тапкан эмес.

"Мен бир метр, бир жарым метр жөрмөлөгөндөн кийин эс алып жаттым", - деп Паркердин билдиргенин 7News телеканалы жазат.

Австралиялык гидди издөө дүйшөмбү күнү, ал жумушка келбегендиктен башталган. Куткаруучулар тик учак менен шейшемби күнү гана аны таап, ооруканага жеткирген.

Пикир

Оставить комментарий