• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 12-февралда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана жигердүү кызматташтык жогорку деңгээлге жеткендигин канааттануу менен белгилеймин.

Өткөн жылы дүйнө жүзү глобалдык чакырыкка - коронавирус пандемиясына туш болуп, Сиздин акылман жетекчилигиңиз менен Кытай өзүнүн аймагында эпидемиянын жайылышын ийгиликтүү токтотуп, дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө баа жеткис салым кошуууда.

Биздин өлкөлөр COVID-19 пандемиясынын бардык терс кесепеттерин биргеликте ийгиликтүү жеңип чыгат деп ишенемин.

Өз кезегинде кыргыз тарап саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздукту камсыз кылуу жааттарында ынак коңшулуктун, достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын белгилейм», - деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгилик, ал эми дос мамиледеги Кытай элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий