• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров өлкөнүн геологдорун кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 07.04.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн геологдорун кесиптик майрамы — Кыргызстандын Геологунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу геология тармагынын кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!

Сиздерди ар жылы апрель айынын биринчи жекшембисинде белгилене турган геологдордун кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Жер казынасын натыйжалуу пайдалануу жаатында туруктуу саясатты камсыз кылуу – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты.

Бүгүнкү күндө “Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” кабыл алынган Жарлыктын негизинде олуттуу реформалар жана маанилүү иш-чаралар аткарылууда. Маселен, өлкөбүздүн кен байлыктарын өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешин толук кɵзɵмɵлгɵ алуу максатында мамлекеттик маанидеги ири кендердин мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар ишканаларга берилип жатканын жакшы билесиздер. Натыйжада “Кыргызалтын” ААКсына, “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканаларына лицензиялар берилди.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу улуттук геология тармагын өнүктүрүүгө 1 миллиард сом каражат бөлүнүп жатат. Бул каражат мамлекеттин минералдык-сырьелук базасын толуктоого жана көбөйтүүгө багытталган. Тактап айтканда, геологиялык илимий-изилдɵɵ иштерин жүргүзүүгө, геофизикалык жана атайын бургулоочу жабдууларды алууга, пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого жана баалоого, адистерди даярдоого, жаңы кендерди ачууга пайдаланылмакчы.

Геология тармагынын ардагерлеринин өткөн кылымдын 30-жылдарынан берки түмөн түйшүк тарткан мээнети менен топтогон эбегейсиз зор көлөмдөгү геологиялык эмгектери бүгүн да колдонулуп жана аздектелип сакталуу бойдон турат. Алар мамлекеттин өнүгүүсүнө ар тараптан салым кошууда. Бул үчүн биздин ардагерлерибизге терең ыраазычылык билдирем.

Урматтуу геологдор жана кадырлуу ардагерлер!

Геология жана жер казынасын пайдалануу тармагында өз ишине берилген, эрки күчтүү, өжөр жана чыдамкай, кесипкөй адистер иштей турганын жакшы билем. Сиздердин ак кызматыңыздардын аркасында улуттук геология тармагынын мындан ары өнүгө турганына бекем ишенем.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар кут болсун. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Ишиңиздерди жаңы-жаңы илимий табылгалар менен ири ачылыштар коштосун”.

Пикир

Оставить комментарий