• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жапаров Матраимов боюнча кабыл алган чечими тууралуу айтып берди

Президент 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында Райымбек Матраимов боюнча кабыл алган чечими тууралуу айтып берди

Маалымат жыйында журналист “Матраимов боюнча чечимди мен кабыл алдым деп айттыңыз эле, ошондо сиз сотторго киши чалдырып “камабагыла” деген болосузбу? Эгер андай болсо көз карандысыз сот системасы эмне болот” деген суроо узатты.

“Сиз жаңылышасыз, Райымбек Матраимовдун иши сотко жете элек. Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кармаган. Андан кийин мага “Матраимов кармалды, камаганы жатабыз” деп айтышты. Аны камап койгондо мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Мен УКМКнын төрагасына аны камап койгондон эмне пайда деп айттым. 6-7 саат кеңешме өттү. Матраимов да “мени камаган менен эч нерсе (каражат) келбейт, анын ордуна мен мамлекеттен алганымды же мыйзамсыз байыган мүлкүмдү, акчамды Кыргызстанга алып келейин” деп сурангандан кийин биз ошондой саясий чечим кабыл алдык”, - деди ал.

Ал, мамлекеттен уурдаган адамдар камалганы менен алардан бир тыйын акча өндүрүлбөгөнүн айтып, Атамбаевди мисал келтирди.

“Алмазбек Атамбаев менен анын айланасындагы адамдар эки жылдан бери камакта жатат. Бирок бир мүлкүн мамлекетке алдык, 5 сом төктүрүп алдык деген нерсе болгон жок”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий