• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков „Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2018-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун негизинде «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамын Конституцияга, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий