• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Коом 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы айрым жетишпегендикти толуктоо жана экстремисттик же террористтик маалыматтык материалдарды ошондой ишмердикти ишке ашырууга чакыргандык катары таануу тууралуу иштер боюнча айрым арыздарды жөнөкөйлөштүрүп жана тездетип кароонун укуктук механизмдерин түзүү максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган мыйзамда төмөндөгүлөр каралган:

- экстремисттик же террористтик иш-аракетти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча соттор чыгарган чечимдер жарыялангандан кийин дароо мыйзамдуу күчүнө кирет.

- Жарандык процесстик кодекс толуктоо киргизилет. Алсак, экстремисттик же террористтик иш-аракетти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча өндүрүш өзүнчө - 25-1-глава болуп киргизилген. Бул главадагы 261 -1 жана 261-3-статьяларда арыз берүү, арызды кароо тартиби, арыз боюнча соттун чечими жана анын аткарылышы каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий