• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаш оор атлетчилер дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Жаштар арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Дүйнө чемпионатына жана эл аралык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында жаштар арасында оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатышат.

Окуу-машыгуу жыйын 5-мартта башталып, 22-мартка чейин уланат.

Жыйынга төмөнкү спортчулар тартылган:

1. Элзар Таиров, 61 кг;
2. Ишенбек Муратбек уулу, 67 кг;
3. Эламан Молдосов, 73 кг;
4. Нурсултан Тармалов, 55 кг;
5. Курванжон Кочкаров, 81 кг;
6. Кубат Байышбек уулу, 89 кг;
7. Элнур Сатыбалдиев, 96 кг;
8. Эржан Турсунбаев, 102 кг;
9. Бекжан Нурдинов, 109 кг;
10. Аскар Арзымбаев, 109 кг жогору.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий