• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык жөө күлүктөр эл аралык мелдеште эки алтын, бир күмүш жеңди

Спорт 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курамасы Өзбекстандагы Tashkent эл аралык марафонунда жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунга илинди.

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришкендей, мелдеш 11-13-март күндөрү Ташкент шаарында өтүп, 34 өлкөнүн спортчулары 3 чакырым, 10 чакырым, жарым марафон жана марафондо чуркашты.

Кыргызстандын куржунунда эки алтын, бир күмүш медаль топтолду: кыз-келиндер арасында Гүлшанай Саттарова марафондо (42,195 чакырым) чуркап, маарага 2:46.34 убакытта келип, биринчи орунду камсыздады. Эркектер арасында Илья Тяпкин маарага 2:25.30 убакытта келип, экинчи орунга илинди.

Ал эми жарым марафондо (21,1 чакырым) Айнуска Калил кызы 1:15.52 убакытта финишке келип, алтын медаль утту.

Пикир

Оставить комментарий