• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Жашоого кошул”, “Спортко кошул” – баңгичиликти спорттун жардамы менен жеңүү

Коом 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында жакынкы күндөрү баштала турган балдар тууралуу социалдык роликтер жөнүндө айтып берди.

Анын билдирүүсүндө, алар БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте иш алып барышууда. Жакында #Жашоогокошул аталыштагы дем-күч бере турган төрт социалдык ролик чыгарылган. Ал дени сак жашоого үгүттөйт.

“Социалдык роликтер БУУнун БККБнын алкагында ишке ашты. Программада негизинен спорттук иш-чараларга басым жасалган. 13-18 жаштагы жаштарга жашоонун негиздерин “Жашоого кошул” үйрөтүү”,-деп билдирди Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын (БККБ) эл аралык координатору Кун Маркверинг.

Ал окуянын кесепети менен күрөшкөндөн көрө анын алдын алуу керек экендигин кошумчалады.

Мирлан Пархановдун айтуусу боюнча, балдарды тарбиялоодо жана аларды спортко үндөөдө эң башкы ролду машыктыруучулар ээлейт. Учурда мындай машыктыруучуларды даярдоо бутүндөй республика боюнча уланууда.

Пикир

Оставить комментарий