• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаштар “Таза коом” долбооруна позитивдүү мамиле кылууда – саясат таануучу Бердаков

Таза Коом 0

Бишкек, 29.08.17 /Роман Гайнанов - Кабар/. Жаштар “Таза коом” долбоорунун алкагында артыкчылыктуу катары аталган демилгелерге позитивдүү мамиле кылат. Бул тууралуу шайлоо алдындагы жаштардын күтүүлөрү тууралуу тегерек үстөлдө саясат таануучу Денис Бердаков билдирди.

“Бүгүнкү тегерек үстөл жаштар “Таза коом” долбоорунда артыкчылыктуу катары белгиленген демилгелерге позитивдүү мамиле кылышарын көрсөттү. Тактап айтканда, экономиканын жаңы техникалык багыт алышы, коррупция жана ашыкча бюрократия менен күрөш. Жаштар президенттикке талапкерлерден таза оюнду күтөт жана кимдир бирөөнүн куралы болууну каалабайт”, - деп белгиледи ал.

Иш чарага жаш окумуштуулар, саясий партиялардын жаштар канаттарынын өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер, бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү жана журналисттер катышышты.

Бул талкуу Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн аныктоого багытталган.

Уюштуруучулары – “Евразиялыктар - жаш толкун” фонду.

Пикир

Оставить комментарий