• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Жашыл мурас". Ноокатта жаратылыш паркына 500 түп карагай жана ак кайың тигилди

Аймак 0

Бишкек, 10.04.22. /Кабар/. Кечээ, 9-апрель күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ноокат районундагы “Кыргыз Ата” мамлекеттик жаратылыш паркына иш сапары менен барды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-сапардын алкагында жалпы аянты 117 миң гектар аянтты ээлеген жаратылыш парктын атайын бөлүнгөн жерине 500 түп Тянь-Шан карагайы менен ак кайын тигишип, туристтерди тартуу жана аларга шарт түзүп берүү боюнча айыл өкмөт башчы жана эс алуу жайлардын ээлери менен сүйлөшүү жүргүзүлдү.

“Президентибиз Садыр Жапаров Кыргызстандагы тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган, бул демилгенин алкагында биз да ушул жаратылыш паркына бак тигип жатабыз. Бул иш чара Ош облусунун баардык райондорунда уланып жатат. Бул иш чаранын негизги максаты келечек муундарыбыз үчүн жаратылышыбызды сактоо”, - деди Ош облус башчысы.

Пикир

Оставить комментарий