• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Автоураган” Талас облусунда. Эки саатта 15 автоунаа айып аянтчасына токтотулду

Аймак 0


Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Талас облусунун аймагында төрт сааттын ичинде 30 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус аймагында өткөрүлгөн рейддин иш-чаранын башкы максаты - кырсыктардын алдын алуу, мыйзам бузууларга жол бербөө жана айдоочуларды айдоо маданиятына чакыруу болуп саналат.

Алардын ичинен:

- мас абалында унаа башкарган 1 факты;

- тийиштүү документи жок 9 айдоочу рулга отурган;

- мыйзамсыз кошумча жабдыктап алган - 3 автоунаа;

- терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган - 2 автоунаа;

- “Автоураган” аппараттык комлекси аркылуу ар кандай (издөөдө жүргөн, айып пулун төлөбөгөн, ж.б.) жол эрежесин бузган 6 автоунаа аныкталган. Башка эреже бузуулар 9.

Ар кандай жол эрежелерин бузган 15 автоунаа айып аянтчасына токтотулду.

ЖКККББнын атайын ротасы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Кыргызстандын башка аймактарында да рейддик иш-чараларын улантат. Айрыкча мас абалында унаа башкарган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий