• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадга кончу учак туманга байланыштуу “Ош” аэропортуна жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Аба ырайына байланыштуу Бишкек – Жалал-Абад багыты боюнча авиакаттам "Ош" аэропортуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Аэропорттун басма сөз кызматынан белгилешкендей, ошондой эле Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча авиакаттам "Ош" эл аралык аэропортунан аткарылат.

Учурда Жалал-Абад аэропортунун аймагында көрүү узактыгы 2000 метрди түзүүдө, норма боюнча 5000 метр болушу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий