• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жазага тартылат. Коомдук жайда тамеки тартып, түкүрүнгөн милиция кызматкеринин аты-жөнү аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Коомдук жайда тамеки чегип, түкүрүнгөн милиция кызматкери жазаланат. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-январда социалдык тармактарда кызматтык кийимчен ички иштер органынын кызматкеринин түкүрүнүп, тамеки чегип турганы түшүрүлгөн видео жарыяланган. Ал болжол менен Чүй облусунун ГЭС-5 районунда тартылган.

Бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, видеодогу кызматкердин ким экендиги аныкталган. Ал М.М., аттуу Чүй облустук ИИББнин кайгуул кызматынын кызматкери болуп чыккан.

Милиция кызматкери КРнын "Бузуулар тууралуу" кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүгүн ("Таштандыны белгиленбеген жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү") бузган. Ага ылайык, жеке тараптар 5,5 миң сом, юридикалык жактар 17 миң сом айып пул төлөшөт.

Буга байланыштуу КРнын "Бузуулар тууралуу" кодексинин нормаларына ылайык чечим чыгаруу үчүн чогултулган баардык материалдар Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий