• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеңиш Разаков ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйында ички рыноктун иштеши, бажылык жөнгө салуу, өнөр жай, соода тармагындагы кызматташтык жана өз ара соода жүгүртүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле эл аралык ишмердүүлүк маселелери каралды.

Жыйындын катышуучулары ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн бюджеттеринин ортосундагы бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүнүн ченемдери маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасы үчүн бөлүштүрүү үлүшү 1,90% өлчөмүндө деп белгиленген, Армения Республикасы үчүн 1, 22% өлчөмүндө, ал эми калган үч мүчө мамлекеттин ченемдери алдыда боло турчу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталаары тууралуу маалыматтар айтылды.

Жыйында ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү, 2018-жылдын 17-майында Астана экономикалык форумунун аянтчасында бир жагынан Евразия экономикалык биримдиги менен ага мүчө-мамлекеттердин, экинчи тарабынан ЕАЭБ менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө бекитилген Макулдашуу күчүнө киргендиги тууралуу Евразия экономикалык өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөөлөрүнүн билдирүү долбоорун жактырды.

Мындан тышкары жыйында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин үчүнчү өлкөлөр, аймактык интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну, экономикалык кызыкчылыктардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү максатында иштелип чыккан «Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдарга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө» Чечиминин долбоору жактырылды.

Жыйындын катышуучулары ЕЭК Кеңешинин «Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин буйруктарынынын долбоору жөнүндө « Евразия экономикалык кеңешине мүчө-мамлекеттер ортосунда газды ташуу жана жөнөтүү чөйрөсүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдарын айкалыштыруу жөнүндө» чечиминини долбоору боюнча маселени карашты. Көрсөтүлгөн документ мүчө-мамлекеттер ортосунда газды ташуу жана жөнөтүү чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын айкалышуу принцибин карайт.

Ошондой эле «Унификацияланган система «Чек арасыз жумуш» долбоору дагы талкууланды. Жыйынтыгында бул долборду ишке ашыруу менен системанын колдонуучуларына (жумуш издегендер жана иш берүүчүлөр) бир же бир нече мүчө-мамлектерди тандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, жумуш издөөгө жана адистерди тандоого, мүчө-мамлекеттердин улуттук маалымат системалары үчүн суроо-талап жаралат, системадагы маалыматтарды алууга, ошондой эле интерактивдүү өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Кеңештин мүчөлөрү 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында (Армения Республикасында) өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки жыйынын күн тартибин жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий