• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги авария. Бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Бишкекте учурда бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди. Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагынын" башчысы Уран Райымбеков билдирди.

Анын айтымында, бардык турак үйлөр, ошондой эле 63 саламаттык сактоо мекемеси, анын ичинде бардык төрөт үйлөр, 84 бала бакча жана 54 мектеп жылытуу системасына кошулду.

"Бардык социалдык объекттер жана 59 ири объект жылуулук жана ысык суу менен камсыздалды. Азыркы учурда система Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан берилген факты боюнча параметрлерге ылайык иштеп жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий