• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Азербайжанда Эрдоган менен жолугат

Президент 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков октябрь айында Азербайжанда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтуусунда, эки өлкө ортосунда көп жылдар мурда калыптанган саясий өнөктөштүк жыл өткөн сайын бекемделип, жогорку деңгээлге жеткен.

"2018-жылы Түркия Республикасына менин расмий иш сапарым болгон. Ошол эле жылдын сентябрь айында Режеп Тайип Эрдоган мырза расмий визит менен Кыргызстанга келген. Эрдоган мырзанын жеке колдоосу менен Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин саммити өткөрүлгөн. Түркия президентинин визитинин алкагында кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөн", - деп эске салды президент.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, ушул жылдын октябрь айында Азербайжанда Эрдоган менен жолугат.

"Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайбыз. Мен бул жолугушууну күтүп жатам", - деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий