• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Бийлик системасындагы коррупцияга каршы күрөш уланат

Президент 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. «Бийлик системасындагы коррупцияга каршы күрөш уланат. Анткени, эл башкарам деген адам эң биринчи кезекте өзү таза болуш керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, Нарын районунун жана Нарын шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысы бул анын президенттик ишиндеги эң приоритеттүү багыт бойдон калаарын белгиледи.

«Укук коргоо органдарында, сот системасында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында да коррупцияга каршы күрөш токтобойт, күчөйт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана атайын эсеп ачылып, ал эсепке коррупция менен күрөштүн натыйжасында өндүрүлгөн акча которула баштаганын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандан берки тышкы саясат, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, коррупция менен күрөш, сот жана укук коргоо органдарындагы реформалар, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз ишмердиги жөнүндө айтып берди.

«Эң негизги максатым — мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элибиздин жашоосун жакшыртуу. Президенттик кызматка киришкенден бери биринчи кезекте биздин стратегиялык өнөктөштөр жана коңшу мамлекеттер менен мамилени бекемдөө багытында үзгүлтүксүз иштедим. Алар Россия, Кытай, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Евросоюз институттары», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, ЕАЭБдин алкагында Россиядагы кыргызстандык мигранттардын эмгек шарттары жакшырды. Россиянын Президенти Владимир Путин менен болгон бир катар жолугушуулар жана талкуулардын натыйжасында РФнын «кара тизмесине» кирип калган мекендештерге «миграциялык ырайым» берилди.

КР Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгы тууралуу айтып, Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы жумуш кийинки жылдары да улана турганын белгиледи.

«Биз аймактарды өнүктүрүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, ирригацияны жакшыртуу, тышкы жана ички миграцияны азайтуу, жеткиликтүү насыялар менен камсыздоо, биздин жарандардын, медицина, билим берүү жана маданият кызматкерлеринин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча ишти улантабыз», — деп белгиледи Президент.

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонд» ААКы, «Айыл Банк» жана «РСК Банк» анын тапшырмасы менен аймактардагы ишкерлерди каржылоо үчүн керектүү шарттарды түзүү жана колдоо ишин активдештиргенин белгиледи.

Мамлекет башчысы жеңилдетилген ипотекалык насыялоонун принциптери жана шарттары, транспорт инфраструктурасын жакшыртуу, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелерине кеңири токтолду.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери Нарындын жашоочуларынын суроолоруна жооп беришти.

Суроолор аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөш, социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, транспорттук инфраструктураны куруу, таза суу, электр жарыгы жана көмүр менен камсыздоо, социалдык объектилерди оңдоп-түзөө жана куруу, кадрдык саясат жөнүндө болду.

Пикир

Оставить комментарий