• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Билим берүү системасына өзгөчө көңүл буруп, аны колдомоюнча, мамлекет динамикалуу өнүгө албайт

Өкмөт 0


Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Билим берүү системасына өзгөчө көңүл буруп, аны колдомоюнча, мамлекет динамикалуу өнүгө албайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өткөн дем алышта Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, бала бакчанын ачылыш аземинде билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагындагы жаңы мектепке чейинки мекеме АРИСтин жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, 50 балага ылайыкталган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков биздин ар бирибиз адамдын жеке өнүгүүсүнө билим берүү кандай чоң мааниге ээ экенин жакшы түшүнө турганын билдирди.

«90-жылдардын башында республика боюнча 1696 бала бакча иштеген, кийинки жылдары бала бакчалар кески кыыкарып кеткен. 2010-жылга чейин 1568 бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип же башка тармактарга колдонулуп кеткен. Ошондуктан 2011-жылы республика боюнча болгону 691 бала бакча иштеген. Акыркы беш жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Билим берүү системасын жакшы өздөштүрүүгө жана өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жана донордук уюмдар тарабынан финансылык каражаттар бөлүнүүдө. Учурда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мурдагы жылдары менчиктештирилип кеткен же башка максатта колдонулган бала бакчалардын бирдиктүү базасы түзүлдү. Мунун менен бала бакчаларды мамлекеттик жана муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Азыркы тапта жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кийлигишүүсү менен 144 бала бакча кайтарылып берилди», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билим берүү системасын анын ичинде мектепке чейинки билим берүү тутумун өнүктүрүүгө жана жакшыртууга өзгөчө маани берүүдө.

«2016-жылы республикалык бюджеттен мектепке чейинки билим берүүгө 1,9 млрд сом бөлүнсө, 2017-жылы бул сумма 2,3млрд сомду түздү. Жалпысынан билиим берүү тармагына республикалык бюджеттин жалпы көлөмүнүн 24% каралган жана мындай чаралар оң натыйжасын берүүдө. 2011-жылдан тартып, республика боюнча бала бакчалардын саны 833гө көбөйгөн. Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 1524 бала бакча иштеп жатат. Анын ичинде 1233 мектепке чейинки мекемелердин мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча макамына ээ. Бала бакчаларга бардыгы болуп 188 миң 585 бала барууда.

Мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү максатында жеке менчик балдар бакчалары үчүн лицензия алуу чаралары жеңилдетилди, алар салык төлөмдөрүнөн бошотулду», – деп кошумчалады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Андан соң Өкмөт башчы Жалал-Абад облустук ооруканасынын медициналык тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш иши 2017-жылдын май айында Германия Федеративдик Республикасынын каражатынын эсебинен башталган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгуль Кийизбаева маалымдагандай, курулуш «Кыргызстанда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнү бекемдөө» программасын өнүктүрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда курулуштун экинчи фазасы жүргүзүлүүдө, курулуш иши 2018-жылдын март айында аяктоосу күтүлүүдө. Курулуш бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө жана каржылык көйгөйлөрү жок.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, курулуш ишинде бардык нормалар жана талаптарды сакталуусу керек, ошондо гана курулуштун сапаты камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий