• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков чет өлкөлөрдөн келгендерди жана алар менен байланышта болгондорду жарандык жоопкерчиликти сезип, маморгандарга билдирүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Бардык чет өлкөлөрдөн келгендер жана алар менен байланышта болгондор жарандык жоопкерчиликти сезип, коронавирус инфекциясы боюнча тиешелүү текшерүүдөн өтүү үчүн мамлекеттик органдарга билдириши керек. Мындай кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында жасады.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча кошумча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы учурда бардыгы жарандык жоопкерчиликти биринчи орунга коюп, тартипти бекем кармоо керектигин белгиледи.

«Бул ар бир адамдын жеке иши эмес, бул улуттун саламаттыгына таасир этүүчү маселе. Кайдыгерлик менен мамиле кылып, „илдет мага же менин үйүмө келбейт“ деп ойлобош керек. Дүйнөлүк кырдаалды көрүп жатасыңар, ар бир үйгө, ар бир жаранга тиешелүү болушу мүмкүн. Ошондуктан ар ким өзү, балдары жана жакындары үчүн гана эмес, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн да жоопкер. Биринчи кезекте тартипти, жарандык жоопкерчиликти сактоо абзел», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков тартипти сактабаган айрым өлкөлөрдө кырдаал курчуп, илдетке каршы күрөшүү абдан татаалдашып кеткенин, ал эми тартипти өзгөчө бекем сактаган коңшу Кытайда кырдаал акырындап басаңдап баратканын кошумчалады.

«Ошондуктан жарандарга дагы бир ирет кайрылам, кырдаал талап кылган бардык зарыл болгон шарттар менен тартипти катуу сактагыла. Ооба, элибиз абдан меймандос келет. Психологиялык жактан алганда чектөөлөрдү кабыл алуу оор. Бирок дагы бир жолу кайталайм, тартипти сактоо — бул өзүнчө бир жеке адамдын эмес, жалпы улутубуздун саламаттыгы», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды дарыгерлердин, Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин сунуштамаларын так сактоого чакырды.

«Санарип заманында бири-бирибиз менен телефон, социалдык тармактар аркылуу байланышып туралы. Карым-катыштарды токтотолу. Чет өлкөлдөн келгендер, алар менен байланышта болгондор, өзүңөр жарандык жоопкерчиликти сезип, мамлекеттик органдарга билдиргиле. Мындан качсаңар, өзүңөргө гана эмес, жалпы кыргызстандыктарга зыян келтирген болосуңар», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий