• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Ильхам Алиевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди Азербайжан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен кыргыз элинин жана өзүнүн атынан чын жүрөктөн куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Жакынкы арада болгон жолугушууларыбыздын жыйынтыктары боордош эки элдин кызматташтыгын мындан ары дагы бекемдеп, көп жаңы жетишкендиктердин жана жакшылыктардын башаты болооруна терең ишенем.

Биздин биргелешкен аракеттерибиз, кылган иштерибиз Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын жаркын келечегине алып барат деген ишенич менен, Сизге чың ден-соолук, узак өмүр, мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми бир тууган азербайжан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий