• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Ислам жана православие өз ара урматташуу менен тынчтыкта бирге жашоонун мыкты мисалы

Президент 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. «Ислам жана православие өз ара урматташуу менен тынчтыкта бирге жашоонун мыкты мисалы», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысы коомдук-саясий туруктуулукту сактоо үчүн диндер ортосунда дайыма диалог жүрүп, конфессиялар аралык конструктивдүү мамилелер болушу керек экенин баса белгиледи.

«Ислам жана православие өз ара урматташуу менен тынчтыкта бирге жашоонун мыкты мисалы. Биздин өлкөлөрдүн тарыхый аймагында миңдеген жылдар бою конфессиялар аралык чыр-чатактар, туткан динине карап куугунтуктоо болгон эмес», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Кыргызстандын аймагында дайыма диний толеранттуу коом болгонун канааттануу менен белгиледи.

«Азыркы учурда Ислам Россиядагы салттуу диндердин бир бөлүгү болсо, Православие да Кыргызстанда мурдагыдай эле салттуу конфессионалдык көрүнүштүн ажырагыс бөлүгү болуп калганы кубандырат. Исламдын жана православиенин баалуулуктары бири-бири менен таң каларлыктай окшош экенин канааттануу менен кабыл алабыз, бул эки дин бирдиктүү Кудайга ибадат кылат, диний ишенимибиздин булагы бир. Мухаммед Пайгамбардын (САВ) „өзүңө каалаганды жакыныңа кааламайынча, эч кимиңер ишенбейсиңер“ дегени жана Иисустун „жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“ деген сөздөрү экөө тең рухий баалуулуктарга, жакыныңды сүйүүгө үндөйт», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү конференция Исламдын жана Православиенин ортосунда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында дүйнөдө болуп жаткан жаңы чакырыктарды эске алуу менен сунуштарды иштеп чыгышы керек экенин баса белгиледи.

«Бүгүн Исламдын жана Православиенин ортосунда жөн гана диалог эмес, биздин коомдордо руханий жана моралдык адеп-ахлактык баалуулуктарды сактап калуу жана бекемдөө үчүн тыгыз стратегиялык руханий өз ара аракеттешүү болушу керек. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Россиянын Православ чиркөөсү учурдун актуалдуу маселелери боюнча кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгат деген үмүттөнөбүз. Ошондой эле кооптуу деструктивдүү агымдардын жана динге жамынган радикалдуу идеологиялардын алдын алуу боюнча өз ара тыгыз кызматташтык болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий