• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Көкрекбаевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Карим Көкрекбаевди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы Карим Көкрекбаевдин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердигин белгилеп, анын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана ынак коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгилеген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Карим Көкрекбаевге бардык жакшылыктарды жана мындан аркы ийгиликтерди каалаган.

Карим Көкрекбаев, жолугушууга ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигин жүргүзүүдө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезгенин белгилеген.

Ал, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерин бекемдөөгө болгон билимин жана тажрыйбасын колдонгонун баса белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий