• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Өкмөттүн негизги милдети — экономиканы өнүктүрүү

Президент 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдети —экономиканы өнүктүрүү экендигин билдирди.

Андан тышкары, мамлекет башчысы элдин жашоосун жакшыртуу ишине тоскоол болчу факторлор дээрлик жок экенин баса белгиледи.

«Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан Өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок», — деди Жээнбеков.

Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий