• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Кыргыз тили достуктун көпүрөсү болууга тийиш

Президент 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Кыргыз тили достуктун жана бир туугандыктын көпүрөсү, биригүүнүн символу болууга тийиш. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Салтанат "Ала-Арча" мамлекеттик резинденциясында өтүп, президент куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын аймагы байыркы мезгилдерден эле түрдүү этностор, маданияттар, диндер байырлаган жер болгонун айтып өттү.

"Кыргызстандын аймагы байыркы мезгилдерден эле түрдүү этностор, маданияттар, диндер байырлаган жер болгон. Алар тынчтыкта жана ынтымакта жанаша жашап келген. Биздин жергебиз миӊ жылдар бою толеранттуу жашоонун, тил табышып бир чечимге келүүнүн, тышкы душмандарга бирге каршы туруунун мекени болуп келген", - деди ал.

Аны менен бирге президент, тарых көрсөткөндөй ынтымак жана биримдиги бар эл күчтүү мамлекет түзө аларын белгилеп өттү.

"Биздин чөлкөмдөн соода кербен жолдору өтүп, тилдердин, диндердин, маданияттардын карым-катнашы өнүккөн. Элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук. Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып-тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн. Акыл-эстүү муундар мындан сабак алып, кайра биригип, улуу инсандардын кайраты менен кайра жаралган журт болгонбуз. Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат", - деди мамлекет башчы.

Ошондой эле президент белгилегендей, Кыргызстан элинин Ассамблеясы ушул улуу дөөлөттөрдү аздектеп сактап, аяр улап, урпактарга жеткирип келет.

Белгилей кетсек, аталган Ассамблеянын 25 жылдык мааракесине арналган бул салтанаттуу иш-чарага 400дөн ашык киши катышты.

Ошондой эле бүгүн А. Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кезексиз IX курултайы өтөт. Ага Кыргызстандын көп улуттуу элин түзгөн аймактардан келген 250 өкүл жана 500 конок катышат.

Пикир

Оставить комментарий