• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жээнбеков «Манас» жана Айтматов академиясына барды. Сүрөт

Президент 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясына барды.

Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Кыргыз элинин кылымдар бою муундан муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрү бар.

Алардын туу чокусу, журтубуздун сыймыгы — бул „Манас“ эпосу.

Баарыңыздарды бүгүнкү Манас күнү менен чын ниетимден куттуктайм.

„Манас“ эпосу — байыркы элибиздин жашоо турмушунун, каада-салтынын, тарыхынын энциклопедиясы жана дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы.

"Манас" эпосу жалпы адамзаттын маданий мурасы катары таанылып, дүйнөлүк адабият эстеликтеринин тизмесинен өзүнүн татыктуу ордун ээледи.

Ата-бабаларыбыз көчмөндүк жашоонун, аскердик турмуштун катаал шарттарына карабай, азыркы заманга чейин жеткирген эпикалык мурасты дүйнө коомчулугу тааныды.

Дүйнө калкынын катарында түптүү журт бойдон сакталып калышыбыз — кыргыз баласы „Манасты“ жүрөгүндө сактап, ошол тарыхты аздектеп жашап келгени менен түздөн-түз байланыштуу.

Мындай маданий байлыгыбыз менен биз, кыргызстандыктар, баарыбыз сыймыктанабыз.

Урматтуу замандаштар!

Элибиздин аң-сезиминде „улут, өлкө, мамлекет“ деген ыйык түшүнүктөр менен бирге улуу инсандардын ысымы ар дайым жашап калат.

Улутубуздун улуу атуулу Чыңгыз Айтматов — ошондой инсан.

"Кыргыз — Манас — Чыңгыз" деген түшүнүктөрдү ажыратып, бөлүп кароого болбойт.

Чыӊгыз Төрөкулович „Манас“ эпосунун изилденишине, аны басып чыгарууга эбегейсиз эмгек кылган.

"Манас" эпосун дүйнөгө таанытууга өзгөчө салым кошкон.

"Кыргыз элинин рухунун туу чокусу — «Манас» эпосу" деген бийик баа да Чыӊгыз Төрөкуловичке таандык.

"Манас" эпосу — тарыхыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү, ал эми Айтматов — маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү.

Буга байланыштуу урматтуу аксакалыбыз Бексултан Жакиевдин „Манас менен Айтматовдун киндиктери туташ“ деген сөзү дайыма эсимде турат.

Бүгүн сиздер менен Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясынын жаңы конушунда жүз көрүшүп турабыз.

Академиянын жалпы жамаатын жана баарыңыздарды ушул жагымдуу окуя менен куттуктайм!

Конушуңуздар кут болсун!

Академиянын имаратын көрүп чыктым, өтө заманбап, атына заты жарашкан имарат, мыкты конуш болуптур.

Эң башкысы — бул жердин босогосун аттаган адам Манас менен Айтматовдун духун сезет деп үмүт кылам.

Бул жерде ошол энергетика, улуу руханий бийиктик, рухий намыс сезилип турушу керек.

Академияны, кыргыздын эки руханий өзөгү — Айкөл Манастын рухунун кубаты жана Чыңгыз Айтматовдун акылынын күчү көтөрүп турат.

Мындай жерде иштөө, алардын дүйнөсүнө аралашуу — бул чоң сыймык, ары чоң жоопкерчилик.

Улуттук эпосубуздун жана улуттук руханий лидерибиздин чыгармаларынын келечек муундун терең катмарына жетүүсү — сиздердин ишмердүүлүгүңөр менен тыгыз байланышта.

Бул ыйык баалуулуктарды биз мындан ары жаңы бийиктикке көтөрүп, улуттук гана эмес, дүйнөлүк масштабдагы дөөлөткө айлантышыбыз абзел.

Урматтуу мекендештерим!

Академияны эмне максат менен түздүк? Ушуга бир аз токтоло кетейин.

"Манас" эпосу — бул илгерки тарыхтын таржымалы, азыркы учурдун практикасы үчүн колдонууга жараксыз деп ойлогондор бар.

Мындай ойлорду четке кагып, кабыл алган чечимибиздин тууралыгын Академия өз ишмердиги менен далилдейт деп ишенебиз.

Менин терең ишенимимде — бүгүнкү заманда да Айкөл Манастын осуяттары улуттук кызыкчылыкты туу тутууга, мамлекеттин бекемдигин, өлкөнүн биримдигин, эл-журттун ынтымагын көздүн карегиндей сактоого жол көрсөтүп турат.

Азыркы учурда материалдык ресурстар менен катар өнүгүүгө күчтүү импульс берчү биздин зор руханий ресурсубуз бар.

Алардын арасына „Манас“ эпосунда камтылган, кылымдар бою кыргыздын каны менен айланып, жаны менен кошо жашап келаткан рухтун күчү кирет.

Манас бабабыздын азыркыга төп келчү айрым үлгүлөрүн айта кетейин.

Кыргыздын келечегине тиешелүү маселелер эл менен, ачык-айкын талкууланып, саясий чечимдер кабыл алынган. Мисалы, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүү маселеси ушундай маанайда чечилген.

Чечим кабыл алынгандан кийин, ал бекем тартип менен, кынтыксыз аткарылган. Мисал катары Чоң казатка аттануудагы тартиптин сакталышын айтсак болот.

Манас бабабыздын кыйын учурларда жоопкерчиликти өзүнө алып, оор чечимдерди кабыл алчу бекем эрки болгон.

Манас бабабыз элдин биримдигин баарынан бийик баалаган, аны сактоону эң негизги милдет катары кабылдаган.

Адамдын улутуна, уруусуна, социалдык эмес, анын акыл-эсине, жөндөмүнө, рухунун күчүнө карап баа берген.

Сын пикирди туура кабыл алып, өз жаңылыштыгын оңдогон, айкөлдүк менен, акылдуу башкарууну карманган.

Өзгөлөрдүн жетишкендиктерин ийкеми менен кабыл алган.

Башка журтка караганда артта калбаш үчүн, кыргыздын кошуунун жаңы принциптер менен реформалаган Алмамбетти колдогон.

Анын негизинде кыргыз колунун түзүлүшү жаңыланган, аскердик кубаты жакшырган.

Буларга кеңири токтолгонумдун себеби — 21-кылымда, мына бүгүн, „эл башкарам, элге кызмат кылам“ деген чиновниктерге — жогоруда мен тизмектеген Айкөлүбүздүн сапаттары аба менен суудай керек.

Жогоруда айтылган Айкөл атабыздын мыкты сапаттары ар бирибиздин каныбызда айланып, жан дүйнөбүздүн ажырагыс бөлүгү болушу керек. Өзгөчө „журт башкарам“ дегендер бийлик менен кошо элдин тагдыры үчүн жоопкерчилик да жүктөлөөрүн эч качан эстен чыгарбоосу абзел.

Ошондуктан, Академия Айкөл Манастын осуяттарын жаңы шартка ылайыкташтырып, мамлекеттик башкарууда болобу, жаштарды тарбиялоодо болобу, күнүмдүк жашоодо болобу, элге кеңири жайылтат деп ишенем.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Жакынкы жылдары жасай турган маанилүү милдеттер бар.

Биринчиден, „Манас“ эпосун системалуу жана фундаменталдуу изилдөөгө көңүл бургум келет.

«Манас» эпосунда камтылган, бүгүнкүнүн талабына жооп берген идеяларды изилдөөнү тереңдетүү, аларды системалаштыруу — эпостун көп кырлуу маанисин ачып берет.

Кыргызстанда Манас изилдөөчүлөрдүн эл аралык форумун өткөрсөк туура болот.

Аны уюштуруу иштерине өлкөбүздөгү тиешелүү министрликтер, Улуттук Илимдер академиясы, Манас жана Айтматов академиясы активдүү катышканы туура болот.

Мындай демилгени биз да колдоп беребиз.

Экинчи, манасчылык өнөр Жараткандын амири менен өзгөчө гана инсандарга буйрулат экен, аларды колдоо керек.

Нечен кылымдардын катаал элегинен өткөн элибиздин ыйык мурасын сактап, урпактарга жеткирүүдө манасчылар опол тоодой эмгек өтөгөн.

Манасчыларыбыз кайталангыс өнөрү, Жараткан берген таланты менен тарыхыбыз менен бүгүнкү учурубузду бириктирген көпүрө болуп келишет.

„Манас“ өңдүү маданий мурасыбызды окуп үйрөнүүгө, сактоого жана өнүктүрүүгө тиешелүү шарттарды түзүү — мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири.

"Манас" эпосун эл арасына кеңири жайылтуу иштери белгилүү манасчылардын юбилейлерин белгилөө менен гана чектелбестен, ар дайым улантыла бериши зарыл.

Үчүнчү, „Манас“ эпосу — элдин биримдигинин көөнөргүс булагы, кыргыз элинин гана эмес, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын маданий сыймыгы, руханий азыгы.

"Манас" эпосу — элдерди достукта, ынтымакта, биримдикте жана толеранттуулук сезимде жашоого тарбиялап келет. Эпостун башка тилдерге которулушу — максатыбызга ылайык келет.

Кыргызстандыктардын баары улутуна, тилине карабастан, улуу эпосту биздин эпос деп айтып жүргөнүн сыймыктануу менен белгилесек болот.

Төртүнчү, Айтматов — улутубуздун руханий уңгусу, журтубуздун сыймыгы. Анын көркөм мурасы — биздин улуу дөөлөтүбүз.

Чыңгыз Төрөкулович аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарууга жан үрөп, көкүрөк үнүн бизге жеткизди.

Жараткандан бүткөн генийилиги менен дүйнөлүк цивилизациянын интеллектуалдык өнүгүүсүнө өз үнүн кошту.

Ал кыргыз журтунунан чыккан дүйнөлүк масштабдагы ойчул экендигин далилдеди.

Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсүн, философиясын изилдеген Айтматов изилдөөчүлөрдүн форумдарын уюштуруп, туруктуу негизде иш алып баруу керек.

Былтыр улуу инсаныбыздын 90 жылдык юбилейин белгиледик, кийинки он жыл бою жасала турган иштерди азыртадан пландаштыруу зарыл.

Биз ноябрь айында биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине шайландык.

Мунун өзү Кыргызстандын эл аралык аренада жогорку беделин жана ишенимдүү шерик экендигин билдирет, биздин тышкы саясатыбызды жаңы деңгээлге көтөрдү.

Биз ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Манас атабыздын жана Чыңгыз Айтматовдун мурасын сактап калуу жана мындан ары эл аралык деңгээлде таанытуу максатында иш алып баруу керек.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Бүгүнкү жолугушууга өлкөдөгү чыгармачыл уюмдардын жетекчилерин да чакырдык.

Азыркы күндө чыгармачыл уюмдар өз ишин мындан ары активдештирүү зарыл.

Бул уюмдар — жөнөкөй уюмдар эмес, тарыхы бай, улуу залкарлар жетектеп кеткен чыгармачыл уюмдар.

Чыгармачыл союздар уюшулганына 80 жылдан ашты, бул дагы улуттук маданияттын көөнөрбөс тарыхы.

Көркөм чыгармачылык өнөрдүн уюмдары — мыкты адабиятты, музыканы, сүрөттү, кинону, спектаклди жаратууга өбөлгө түзөт.

Биз мындан ары чыгармачыл уюмдарга өзгөчө мамиле жасоону, камкордукка алууну туура деп баалайбыз.

Сиздер да коомдун, өлкөнүн турмушуна активдүү аралашып, элибиздин ынтымагын, биримдигин, мамлекеттүүлүгүн, руханий байлыгын арттырасыздар деген үмүттөмүн.

Быйыл биринчи жолу эгемендүү кыргыз тарыхында чыгармачыл союздарга гранттык колдоо кылабыз, Кудай буюрса, сиздердин ишиңиздер да ийгиликтүү болот деп ойлойм».

Пикир

Оставить комментарий