• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үч жылда Улуттук банк КРнын эл аралык резервин 1 млрд 67 млн долларга көбөйттү — президент

Президент 0

Бишкек, 13.04.24./Кабар/. Акыркы үч жылда Улуттук банктын командасы Кыргызстандын алтын валюта резервин 1 млрд 67 млн долларга чейин көбөйттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Президент өлкөнүн жалпы эл аралык резерви бүгүнкү күнгө 3 млрд 491 млн долларга жеткендигин айтты.

"Көз карандысыздыгыбыздан бери 2020-жылга чейин эл аралык резервибиз 30 жыл аралыгында болгону 2 млрд 424 млн доллар болгон. Алтындын запасы боюнча айтсам: 2020-жылга чейин 30 жыл аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган болчу. Бүгүнкү күндө Улуттук банкта 51 тонна алтыныбыз жатат. 3 жылда 35 тонна алтын кошулду. Айырмасын карагыла: 30 жылда 16 тонна, 3 жылда 35 тонна", — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал мындан сырткары, Улуттук банк инфляциянын деңгээлин бүгүнкү күнү 5,2 пайызга чейин түшүргөндүгүн айтып, бул өлкөнүн башкы банкынын туура саясат жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыгы экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий